Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" кыргыз тилине кылдат көңүл бурат

17 июля 2024

"Элдик Банк" кыргыз тилине кылдат көңүл бурат

"Элдик Банк" ААК менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту.

Бул документке кол коюу аземине "Элдик Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы Мелис Мураталиев катышты.

Аталган уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын максаты -  кызматкерлердин кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билүүлөрүнө багытталган семинарларды, тренингдерди, курстарды жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү аркылуу Банкта кыргыз тилин өнүктүрүү.

Мындан тышкары, Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орун алып калган көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун табуу багытында илимий жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда.

Уланбек Ногаев "Элдик Банкта" кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Банктын иш кагаздарынын мамлекеттик тилге которулушу боюнча иштер жигердүү ишке ашып жатканын белгиледи. Ал эми Улуттук комиссиянын тажрыйбасы жүргүзүлүп жаткан иштерди тездетүүгө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Мелис Мураталиев Банк менен өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу боюнча жаңы механизмдер жана долбоорлор иштелип чыгаарын кошумчалап кетти.