Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк – 28 жыл Эл менен!

25 июля 2024

Элдик Банк – 28 жыл Эл менен!

 Ушул жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын эң ири каржы институттарынын бири болгон «Элдик Банк» ААК өзүнүн ийгиликтүү жана жемиштүү иш-аракетинин 28 жылдыгын белгилейт.

2024-жыл Банк үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду. Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен банктын аталышы «Элдик Банк» болуп өзгөртүлдү.

Бүгүнкү күндө «Элдик Банк» банкка ишеним менен караган миңдеген жеке жана корпоративдик кардарларга, ири жана ынтымактуу жамаатка ээ, ошону менен бирге эле, финансылык кызматтардын кеңири тармагын жана республиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырып жаткан институт.

Банк басып өткөн жылдарда ишенимдүү жана туруктуу банк статусуна ээ болууга жетишкендиги бул рейтингдерде орду жогору экендиги менен тастыкталат. “Элдик Банк” финансылык көрсөткүчтөрү: активдер, уставдык капитал, кредиттер жана депозиттер боюнча өлкөбүздөгү алдыңкы 3 кредиттик мекеменин катарында

Мындан тышкары, “Элдик Банк” Кыргыз Республикасынын биринчи жана жападан жалгыз мамлекеттик банкы катары, Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттигинин туруктуу прогнозу менен “В-“ деңгээлиндеги кредиттик рейтингин алган жана анын эл аралык деңгээлдеги туруктуулугун тастыктаган банк болуп калды.

Банк иш-аракетин санарип багытында толук кандуу улантууда. Глобалдык милдет - банктын кардарларын аралыктан тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле калкка банктын кызматтарын алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Инновациялык санарип продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу максатында жыл башында түзүлгөн ЭлТех жогорку технологиялык компаниясынын иштеп жатышы Банктын санариптештирүү боюнча олуттуу кадамдарынын далили. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында колдонуучуларга кызматтардын кеңири түрүн таба ала тургандай жаңы мобилдүү тиркеменин ишке ашырылышы пландалууда.

Мындан тышкары, «Элдик Банк» азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кичи жана орто бизнести колдоо боюнча бир топ иштерди аткарууда. Банк мамлекеттик программалардын эң ири катышуучуларынын бири болуп саналат (АЧК, АӨКК, БОЖК ж.б.), анын ичинде айыл чарбасын өнүктүрүүгө, турак-жай сатып алууга, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди, Чакан жана орто ишканаларды бачым колдоо долбоору боюнча кайтарымдуу каржы жардамын төлөө долбоору багытында 0% менен кредиттерди берет.

Быйылкы жылдын эң маанилүү долбоорлорунун бири болуп, Банк тарабынан Мамлекеттик ипотекалык компания менен бирге Кыргыз Республикасынын өлкөнүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандары үчүн иштелип чыккан “Топтолмо ипотека” социалдык программасы болду. Бүгүнкү күндө программанын биринчи этабы ишке ашырылды.

«Элдик Банк», өлкөдөгү эң ири каржы институттарынын бири катары, өзүнүн иш-аракетине бир катар артыкчылыктуу багыттарды камтыган туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялоодо. Бул СО2 минималдаштырууга, экологиялык абалды жакшыртууга (калкты жеңилдетилген газдаштыруу), энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууга (чакан гидро электр станциялары, шамал электр станциялары), айымдардын ишкердик аракеттерин колдоого («Ишкер Айым») багытталган “жашыл” жана климаттык долбоорлорду каржылоо жана башкалар.

«Элдик Банк», максаттуу көрсөткүчтөрү жылдан жылга ишенимдүү жана туруктуу өсүп жаткан каржы институту катары, калк үчүн кызмат көрсөтүүдө кулачын дагы кеңири жайып иштей бермекчи.

Элдик Банк – 28 жыл эл менен!