Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» – Fitch Ratings кредиттик рейтингин алды

18 июля 2024

«Элдик Банк» – Fitch Ratings кредиттик рейтингин алды

«Элдик Банк» ААК, “В-“ деңгээлинде өзүнүн келечекке ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун тастыктоо менен, эл аралык Fitch Ratings  агенттигинен узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин алган Кыргыз Республикасындагы биринчи жана жалгыз мамлекеттик банкы болуп калды.

Кредиттик рейтинг – бул уюмдун кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалоо. Бул өз акчаңыз үчүн бул компания канчалык ишенимдүү жана коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет. Бул рейтингди ыйгарууда уюмдун учурдагы финансылык абалы, капиталдын көлөмү гана эмес, тарыхый таржымалы да эске алынат. Ошондой эле, компаниянын өнүгүү жагындагы болжолдуу маалыматтарына да көнүл бурулат.

- Кредиттик рейтингди алуу деген бул Элдик Банктын бардык өзүнүн финансылык милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарып жатканын билдирет. Бул банктын эл аралык карыз жана үлүштүк капитал рыногуна  биринчи кадамы” - деди Башкарманын Төрагасы Уланбек Ногаев. - Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы мамлекеттик финансыларды терең талдоо менен, Fitch Ratings агенттигинен суверендүү кредиттик рейтингин алуу жолунда экенин белгилей кетүү керек. Суверендүү кредиттик рейтингдин жогорулашы Элдик Банктын кредиттик рейтингинин жогорулашын билдирет.

Агенттик тарабынан берилген баага караганда, биздин Банк таасирдүү брендге ээ жана корпоративдик жагынан да бекем. Элдик Банктын иш-аракети системалуу уланууда жана анын мамлекеттик менчикте экендиги өлкөнүн өкмөтү менен тыгыз байланышын ишенимдүү тастыктап, депозиттердин өсүшүнө салым кошот. Банк корпоративдик кардарларга, ошондой эле чакан жана орто бизнеске багытталган, ошол эле учурда, чекене рынок сегментти да өнүктүрүүдө», - деп түшүндүрөт Fitch.

Мындан тышкары, бул рейтинг катында банктын операциялык рентабелдүүлүгүнүн жогорку деңгээли, пайданын активге карата катышынын жогорулашы, ошондой эле депозиттик базанын 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнү көрсөтүлөт.

Аталып кеткен Агенттик Банктын өтүмдүү (ликвиддүү) запасы дурус экенин белгилейт, бул тууралуу 2023-жылдын акырына карата кардарлардын кредиттеринин депозитке карата катышы 62% түзгөнүн көрсөтүп турат.

Fitch Ratings Inc.-  рейтингдик агенттик катары америкалык белгилүү корпорация болуп саналат. Standard & Poor's жана Moody's менен катар эле ал "Чоң үчтүк" эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири.