Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» - Олимпиада оюндарынын көрсөтүлүшүнө расмий өнөктөш!

19 июля 2024

«Элдик Банк» - Олимпиада оюндарынын көрсөтүлүшүнө расмий өнөктөш!

“Элдик Банк” ушул жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өткөрүлө турган 33-Олимпиада оюндарын УТРК жана УТРК Спорт каналдарынан көрсөтүүнүн расмий өнөктөшү болот.

Натыйжада, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов, Денис Петрашов сыяктуу спорт жылдыздарынын оюндарын өлкө боюнча спорт күйөрмандары түз эфир аркылуу көрө алышат!

Жалпысынан алганда,  бул  жылы Кыргызстандын атынан күрөш, жеңил атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана бокс сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 16 спортчу катышат.

“Элдик Банк” спорттук иш-чараларга катышып жатканына сыймыктанат жана бул  Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин түшүнөт. Банк көптөгөн иш-чараларга өнөктөш катары катышуу менен, спортту жана сергек жашоону активдүү колдоп келет.

УТРК жана УТРК Спорт каналдары аркылуу жайкы олимпиада оюндарын көрүп, кызыктуу жана унутулгус убакытты “Элдик Банк” менен чогуу өткөрүңүз.

Келиңиздер, өз оюнчуларыбызды колдоп туралы!