Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Элдик Банк” SELLERS FORUM - ECOM KG 2024 форумунун титулдук өнөктөшү

19 июля 2024

“Элдик Банк” SELLERS FORUM - ECOM KG 2024 форумунун титулдук өнөктөшү

“Элдик Банк” Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган SELLERS FORUM - ECOM KG 2024 форумунун титулдук өнөктөшү болду.

Электрондук коммерция тармагындагы иш-чарага Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчук, Wildboxтун негиздөөчүсү Владлен Строкан, AliExpress Россиянын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча башкы директору Алексей Лебедев жана башка көптөгөн адистер жана эксперттер катышат.

Форумда ошондой эле «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз почта кызматы» ААК топ-менеджерлери, Ozon, Alibaba, Trendyol, AliExpress жана башкалар катышат.

Белгилей кетсек, электрондук коммерцияны сатууну көбөйтүү жана дүйнө жүзү боюнча жаңы кардарларга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Керектөөчүлөр үчүн электрондук коммерция - бул үйдөн чыкпастан товарларды жана кызматтарды сатып алуунун ыңгайлуу жана жеткиликтүү жолу.

Бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн жаңы инструменттерди, идеяларды жана өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде 26-28-июль аралыгында өтөт.