Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" карылар үйүнө кайрымдуулук жардам көрсөттү

24 июля 2024

"Элдик Банк" карылар үйүнө кайрымдуулук жардам көрсөттү

"Элдик Банк" жыл сайын туулган күнүнө карата кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет.

 Бул жылы банк “Үмүт үйү” карылар жана майыптар үчүн Бишкек социалдык мекемесине колдоо көрсөттү. Төшөктө жаткан карылар жашаган “Мээрим” бөлүмүндө ремонттоо иштерин жүргүздүк. Ал эми мекеменин жашоочуларына кышка жылуу кийимдерди тапшырдык.

“Үмүт үйүндө” 221 кары-картаң жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.

Чоң ата-апаларга ден соолук каалайбыз жана уюмдун бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.