Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Топтоо ипотекасы» программасынын биринчи этабы ишке кирди

10 июля 2024

«Топтоо ипотекасы» программасынын биринчи этабы ишке кирди

«Элдик Банк» ААК Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын өлкөбүздүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандары үчүн «Топтоо ипотекасы» социалдык долбоорун ишке ашыра баштады.

Бул программанын алкагында Банк долбоордун биринчи этабын ишке ашыра баштаганын билдирет.

Бул долбоордун катышуучулары азыртадан эле ала турган турак-жайдын наркынын 30% түзгөн баштапкы төлөмдүн суммасын топтоо үчүн Банкта депозит эсебин ача алышат.

 “Топтоо ипотекасы боюнча турак-жайды сатып алуу иштери 8 негизги этапты камтыйт. Депозит эсебин ачуу үчүн төмөнкүлөр талап этилерин эске салабыз:

МИКке арыз берүү. Сатып алуучу компаниянын электрондук порталында катталып, программага катышуу үчүн арыз берет. Андан кийин МИК арыздын талап кылынган шарттарга ылайык келе тургандыгын текшерет жана жактыруу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

• Банкта депозит эсебин ачуу. Арыз жактырылгандан кийин кардар талап боюнча төлөнүүчү депозит эсебин ачуу үчүн Элдик Банктын филиалына кайрылат.

• Депозит эсебине акча салуу. Кардар банктык эсепке акча каражаттарын графикке ылайык турак-жайдын алдын ала баасынан 30%дан кем эмес суммада (6 айга же андан ашык мөөнөткө) салат. Депозит эсебин системалуу түрдө толуктоо кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган негизги факторлордун бири болуп саналат.

«Топтоо ипотекасы» социалдык ипотекалык долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик турак-жай программасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөбүздүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилеп кетебиз.

Экинчи этап – долбоордун катышуучуларына кредит берүү – 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган. Банк долбоордун кийинки этаптарын иштеп чыгуу жана бекитүү тууралуу кошумча кабарлайт.  

Толук маалымат алуу үчүн 9111 телефону боюнча Банктын байланыш борборуна кайрылсаңыздар болот.