26 мая 2025
Элдик Банк Кыргызстандын улуттук базарларынын жарманкесинде
Кыргыз Республикасында биринчи улуттук базарлар форуму болуп өттү, анын башкы өнөктөшү катары Элдик Банкы чыкты.
Форумдун алкагында банк ElPost жаңы улуттук базарын – чакан жана орто бизнести колдоого багытталган онлайн платформасын тартуулады. ElPost кызматтардын толук спектрин сунуштайт: товарларды сатуу, жеткирүү, онлайн төлөмдөр, жарнама, банктык жана аналитикалык чечимдер.
Мындай демилгелер электрондук коммерциянын экосистемасын бекемдеп, өлкө боюнча ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.