Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк аялдар футболунун өнүгүшүн колдойт

21 мая 2025

Элдик Банк аялдар футболунун өнүгүшүн колдойт

«Элдик Банк» жана Кыргыз Республикасынын Аялдар футболу ассоциациясы өлкөдө аялдар футболун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Келишимдин алкагында 2025-жылы аялдар футболу боюнча бир катар оюндарды өткөрүү жана бул спорт түрүн жайылтуу пландалууда.

— Бул биз үчүн жөн гана өнөктөштүк эмес. Бул — тең мүмкүнчүлүктөрдү, командалык духту жана жеңишке болгон ишенимди колдоо. Биз ишенебиз: спорт, айрыкча аялдар футболу — бул дени сак жашоого үндөгөн күчтүү мотивация, ал бүтүндөй муунду шыктандыра алат, — деп белгиледи «Элдик Банктын» Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова.

— Элдик Банк — аялдар футболу федерациясын расмий түрдө колдогон өлкөдөгү алгачкы банк. Бул кызматташтык биздин көз карашыбыз, баалуулуктарыбыз жана философиябыз менен дал келет. Элдик Банк — башкаларга дем берген үлгү: аялдар спортун колдоо аркылуу ал аялдарды жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн колдойт, — деди Кыргыз Республикасынын Аялдар футболу ассоциациясынын Вице-президенти Айдана Оторбаева.

Белгилей кетсек, аялдар футболу федерациясы менен кызматташтык — бул Банктын туруктуу өнүгүү стратегиясынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана инклюзивдүүлүк, теңдик жана социалдык демилгелерди колдоо сыяктуу баалуулуктарга берилгендигин тастыктайт.