Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк — Кыргызстандагы улуттук маркетплейстердин E-com жарманкесинин башкы өнөктөшү!

20 мая 2025

Элдик Банк — Кыргызстандагы улуттук маркетплейстердин E-com жарманкесинин башкы өнөктөшү!

23-майда Бишкек шаарында өлкөдөгү алдыңкы e-commerce платформалар, ишкерлер, өндүрүүчүлөр жана жаңычылдар чогулган чоң иш-чара өтөт.

Бул — онлайн-бизнес өнүктүрүп жаткан ар бир адам үчүн жылдын негизги окуясы, жана Элдик Банк анын борборунда болот! Форумда Банктын өкүлдөрү чыгып сүйлөп, санариптик чечимдер тууралуу айтып берип, өлкөдөгү биринчи улуттук маркетплейс — ЭлПост платформасын тааныштырышат. Сиз жаңы платформанын бардык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, биздин кызматкерлерден жеке консультация да ала аласыз.

Форумдун алкагында биз төмөнкү кызматтарды сунуштайбыз:  

  • Eldik мобилдик банкинги;
  • Ишкер24 — ишкерлер үчүн мобилдик тиркеме;  
  • Интернет-эквайринг — онлайн төлөмдөрдү кабыл алуу;  
  • Кредиттик продукттар: «Ишкер-Айым», контракттык каржылоо, факторинг.

Белгилей кетсек, Элдик Банк — Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын жана Кыргызстандын Чек ара аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат. Банк экспорттоочулар жана импорттоочулар үчүн финансылык чечимдерди кеңейтүү багытында активдүү иш алып барууда.