Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банктын жамааты Алатоо аянтына клен отургузушту

24 мая 2025

Элдик Банктын жамааты Алатоо аянтына клен отургузушту

"Элдик Банктын" 29 жылдык мааракесине карата Mastercard компаниясы менен биргелешип “Жашыл мурас” аттуу экологиялык демилгенин алкагында дарак отургузуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага Банктын Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрү жана Mastercard аймактык кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

Бул кадам туруктуу өнүгүүгө багытталган ELGREEN программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана корпоративдик маданияттын негизги баалуулуктарын чагылдырат.

Иш-чарада жаш клен дарактары отургузулуп, өсүү, жаңылануу жана жашыл келечекке болгон үмүт символу катары тандалды. Ар бир көчөт менен табиятка кам көрүү, жоопкерчилик жана экологиялык аң-сезим көрсөтүлдү.