Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банктын" колдоосу менен “Ысык-Ата-1” кичи ГЭСин ишке кирди

21 июня 2024

"Элдик Банктын" колдоосу менен “Ысык-Ата-1” кичи ГЭСин ишке кирди

Чүй облусунда «Ысык-Ата-1» чакан ГЭСи ишке берилди. Анын курулушун «Элдик Банк» каржылады. ГЭСтин кубаттуулугу 2 МВт. Ал 600 үйдү электр энергия менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Кичи ГЭСтин ачылышына Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана «Элдик Банк» ААКсынын Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев катышты.

Бул өңдүү долбоорлорду каржылоо өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана өнүктүрүү багытында «Элдик Банктын» ESG-стратегиясына ылайык келет. Банк гидроэнергетика, күн жана шамал энергетикасын колдойт. Себеби алардын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө орду чоң жана жер алдынан казып алынуучу отундан көз карандылыкты азайтып, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Гидроэнергетика энергиянын кайра жаралуучу булагы катары көмүр кычкыл газын жана башка абаны булгай турган заттарды бөлүп чыкпайт, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт.