Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Элкарт менен белек ал” акциясынын жеңүүчүсүнө Грузияга эки кишилик жолдомо ыйгарылды

02 июля 2024

“Элкарт менен белек ал” акциясынын жеңүүчүсүнө Грузияга эки кишилик жолдомо ыйгарылды

«Элдик Банк» ААК «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен биргеликте өткөргөн «ЭЛКАРТ менен белек ал» акциясы аяктады.

Бүгүн акциянын үчүнчү, төртүнчү жана негизги этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттуу аземге «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Чомоков Оралбек жана «БАПБ» ЖАКтын Продуктыларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ойтпаев Айбек катышты.

  • Ортонку этаптын жеңүүчүлөргө чаң соргуч жана термопоттор тапшырылды.
  • Негизги этаптын жеңүүчүсүнө Грузияга эки кишилик жолдомо тапшырылды!

Куттуктайбыз!

Эске салсак, акция 2023-жылдын 15-ноябрынан 2024-жылдын 15-майына чейин өткөрүлгөн.