Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Элдик Банк” КР ӨКМ менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн таштандылардан тазалады.

01 июля 2024

“Элдик Банк” КР ӨКМ менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн таштандылардан тазалады.

Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдү сактайлы! 

Өткөн ишембиде «Элдик Банк» ААКнын Чолпон-Ата филиалынын кызматкерлери КР Өзгөчө кырдаал министрилиги менен биргеликте Чолпон-Ата шаарынын муниципалдуу пляжында масштабдуу коомдук иш-чарага катышты.

Биздин кесиптештер пляжды жана жээкке жакын аймакты таштандылардан тазалашты. Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн таштанды жана брокердик торлорду чогултушту.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын жана “Элдик Банк” тарабынан ишке ашырылып жаткан ESG стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү тургундарды жана бардык конокторду берметибизге этият болууга жана таштанды ыргытпоого чакырабыз.

Ысык-Көлдү жана жердештердин эмгегин баалайлы.