Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банктын" колдоосу менен тигүү фабрикасынын ачылышы

18 июня 2024

"Элдик Банктын" колдоосу менен тигүү фабрикасынын ачылышы

Жалал-Абад областында жайгашкан Сумсар айылында “Элдик Банктын” колдоосу менен “Selya” тигүүчү фабрикасы ачылды.

Банк ишкананы ачууну өз каражаттарынын жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен кредиттөө аркылуу каржылаган. Каражат ишкананы реконструкциялоого жана модернизациялоого жумшалып, жабдуулар сатылып алынган.

Туруктуу өнүгүү жана ESG стратегиясынын алкагында банк жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана ишкер аялдарды колдоого басым жасайт. Фабриканы ишкер айым Асел Атабекова негиздегени андан да маанилүү. Ишкананы ачылышынын аркасында республиканын алыскы райондорунун биринде жергиликтүү тургундар үчүн 300 жумушчу орун түзүлдү.

Жалпысынан заманбап өндүрүштүн ачылышы өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Белгилей кетсек, ESG принциптерин ишке ашыруунун алкагында “Элдик Банк” ишкер аялдарды колдоо үчүн гендердик негизде “Ишкер айым” кредиттик продуктуну иштеп чыккан жана ишке ашырууда. Продукт аркылуу 270тен ашык ишкер каржыланган.