Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«РСК Банкты» трансформациялоо – «Элдик Банкка» өзгөртүү

20 мая 2024

«РСК Банкты» трансформациялоо – «Элдик Банкка» өзгөртүү

2024-жылдын май айынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен банктын аталышы өзгөртүлдү.

«РСК Банк» эки жуманын ичинде расмий түрдө «Элдик Банк»- деп аталып калды.

«Банктын заманбап ролун, трансформация стратегиясын ишке ашырууну, учурда иштеп жаткан инновацияларды, ошондой эле, «Топтолмо ипотека» уникалдуу социалдык долбоорун иштеп чыгууну эске алуу менен, банктын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды» - деп түшүндүрдү

«РСК Банк» Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.- Акыркы бир нече жыл аралыгында банк жарандарга жакын болуп, заман агымына шайкеш иштеп, экономикага олуттуу салым кошуп келе жатат, ошондуктан ал, чындап эле, «элдик» деген түшүнүккө дал келүүдө. Бул банктын бизнес моделин түп-тамырынан бери өзгөртүү боюнча стратегиябыздын башталышы гана».

«Элдик Банк» - трансформация жолунун башында. Ошол эле учурда банк ишенимдүү, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан каржы институту бойдон калууда.

 Иштей баштаган стратегия, биринчи кезекте, жарандарыбыз үчүн жаңы инновациялык чечимдердин пайда болушуна, салттуу банктык жана жаңы акылдуу чечимдерди убагында колдонуп калуу, финтех инновацияларын жайылтуу үчүн, каржы мүмкүнчүлүктөрүнөн жана жекече чечимдерди толук пайдаланууда жетишсиз каржылоо жана инклюзивдүүлүк көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Бүтүндөй алганда - FinLife миссиясын ишке ашыруу үчүн  жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүнө каржы каражытынын жетип турушу  жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосундагы ишеничтүү каражат болуп калуу.