Элдик Банк Европадагы UEFA Чемпиондор Лигасына жолдомо берди!
Элдик Банк менен Mastercard компаниясынын “Европадагы UEFA Чемпиондор Лигасына баралы” аттуу масштабдуу акциясынын жыйынтыгы чыгарылды!
Сыйлык тапшыруу аземи Банктын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Айчүрек Жакыпова менен Mastercard компаниясынын өкүлү Бегайым Кошоеванын катышуусунда өттү.
Баш байгени - Европадагы UEFAнын Чемпиондор Лигасына эки кишилик жолдомону Ашим Кулчаров жеңип алды. Пакетке учак, жатакана, матч билеттери жана виза кирет.
– Мен футболдун чоң күйөрманымын жана бул акциянын жеңүүчүсү болуу мен үчүн чоң кубаныч. «Мен Элдик Банкка жана Mastercard компаниясына менин кыялымды ишке ашырууга – чоң футболду жандуу көрүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирем», - деди Ашим эмоциялары менен бөлүштү.
Ошондой эле салтанатта акциянын 4-этабынын жеңүүчүсү Гүлнара Жунушалиевага iPhone 15 Pro Max тапшырылды. Жалпысынан орто этапта төрт iPhone 15 PRO MAX сыйланды.
Эске сала кетсек, акцияга катышуу үчүн Элдик Банктын Mastercard карталарынын ээлери 2024-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин карталарды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүшкөн.
Элдик Банктын жаңы акцияларына көз салып, супер байгелердин ээси бол!