Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун сунуштады жана ESG облигациясын чыгарууну жарыялады

19 декабря 2024

Элдик Банк Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун сунуштады жана ESG облигациясын чыгарууну жарыялады

"Элдик Банк" ААК эл аралык стандарттардын мыкты тажрыйбаларынын негизинде 2023-жыл үчүн туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчетту даярдаган жана сунуштаган Кыргыз Республикасындагы биринчи финансылык институт болду.

Отчеттун бет ачарында "Элдик Банк"АКК Башкарманын Төрагасы Уланбек Ногаев бул окуянын өлкөнүн бардык финансы сектору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи:

2023-жылдагы туруктуулук жөнүндө Отчет- бул банктын корпоративдик башкаруунун жетилгендигинин жана натыйжалуулугунун маанилүү көрсөткүчү. «Документте БУУнун туруктуу өнүгүү Максаттарын жана Париж келишимин корпоративдик ESG-трансформацияга интеграциялоо, көмүртектин изин баалоо, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу тутумун киргизүү сыяктуу негизги жетишкендиктер чагылдырылган», — деди ал.

Ошондой эле презентациядагы маанилүү окуя дебюттук ESG облигациялардын чыгарылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Банк менен КР Социалдык фондунун ортосунда туруктуу өнүктүрүү облигацияларын сатып алуу боюнча инвестициялык меморандумга кол коюлду.

«Соцфонд социалдык инфраструктураны жана бүтүндөй өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду колдойт. Биздин көптөн берки жана ишенимдүү өнөктөшүбүз катары Фонд биринчи болуп банктын демилгесин колдоп, экологиялык жана социалдык долбоорлорду каржылоого багытталган ESG ички облигациялардын бардык көлөмүн сатып алуу чечимин кабыл алды", — деп түшүндүрдү Уланбек Ногаев. 2023-жыл үчүн туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчеттун толук тексти менен Элдик Банктын расмий сайтынан таанышууга болот.