Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Ишкер 24” мобилдүү тиркемеси ишкерлер үчүн эсепке алуу жана товарларды тескөө мүмкүнчүлүктөрү менен толукталды

10 декабря 2024

“Ишкер 24” мобилдүү тиркемеси ишкерлер үчүн эсепке алуу жана товарларды тескөө мүмкүнчүлүктөрү менен толукталды

Чакан жана орто бизнес үчүн Ишкер 24 экосистемасында жаңы функциялар иштей баштады. Декабрь айынан баштап кошумча функциялар камтылды, атап айтканда: дүңүнөн сатуу, ТТКК (ЭТТН) менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү аркылуу товарларды сатып алуу, товарларды эсепке алууну жөнөкөйлөтүү аркылуу  кабыл алуу (приход), ошондой эле  «Менин кампаларым» функционасы кошулду. Автоунаа каражаттары боюнча отчет иштерине мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди.

“Ишкер24 тиркемесиндеги жаңы кошумчалар:

1. Дүңүнөн сатуу: Тиркемеде колдонуучуларга товарларга менчик укугун өткөрүп берүү боюнча операцияларды тариздөө мүмкүнчүлүгү бар. Эми мындан ары сиз ар бир бүтүмдүн ачык-айкындуулугун жана эсепке алынуусун камсыздоо менен башка ишкерлерге продукцияларды акы төлөө же акысыз берүү үчүн документтерди тез түзө аласыз.

2. Сатып алуу: бул жаңы бөлүк кабыл алынган электрондук  товар-транспорт коштомо кагазы (ТТКК)  менен оңой иштөөгө мүмкүндүк берет. Колдонуучулар:  документтерди кабыл алуу, четке кагуу же карап чыгуу,  кабыл алынбаган учурда 10 күндөн кийин ТТКК автоматтык түрдө кабыл алуу функциясын колдоно алышат, бул келип түшкөн каражаттарды иштеп чыгууну жеңилдетет.

3. Каражаттардын келип түшүүсү: Кабыл алынган товарларды эсепке алуу дагы жеңилдеди. Бул бөлүктө колдонуучулар кампадагы товарларды натыйжалуу тескөө үчүн кириш документтерин түзүп, көрө алышат.

4. "Менин кампаларым": Бул функционал:  кампа эсептерин түзүүгө жана оңдоого,  пайдаланылбаган кампаларды иштетүүдөн чыгарууга,  товарларды сактоочу жайларды күтүүгө, логистикалык процесстерди толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

5. Унаа каражаттары: "Унаа каражаттары" бөлүгүндө сиз: жаңы  келген унааны кошуу,  колдонуудагы автопарк жөнүндө маалыматты жаңыртуу,  компаниянын авто унааларын бир жерде туруп башкара аласыз.

“Ишкер24 мобилдүү тиркемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен өлкөнүн салык реформасына байланыштуу чакан жана орто бизнести колдоо максатында Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Элдик Банк жана MEGA кызматташуу чегинде ишке ашырылып жатканын кошумча эскерте кетебиз.

Бул чечим ишкерлер үчүн мамлекеттик органдар жана банк менен онлайн байланышы аркылуу салык жана финансылык кызматтарды ала турган ынгайлуу шарт. Бул,ошондой эле, ишкердик менен алектенүүдө жакындан жардам берүүчү кошумча кызматтардын тынымсыз өнүгүп келе жаткан спектри: товарларды эсепке алуу, документтерге онлайн кол коюу ж.б.

Кененирээк маалымат - www.ishker24.kg