Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Топтолмо ипотека” социалдык долбоору

20 мая 2024

“Топтолмо ипотека” социалдык долбоору

Өлкөбүздүн Президентинин демилгеси менен РСК Банк Мамлекеттик Ипотекалык Компания менен биргеликте «Топтолмо ипотека» уникалдуу социалдык долбоорун иштеп чыгууда. Анын алкагында мамлекеттик компаниялардын башкы жетекчилери менен кызматташуу келишимине кол коюлду.

Долбоор мамлекеттик турак-жай каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөбүздүн калкын турак-жай менен камсыздоого багытталган. Ал Кыргызстанда жашаган жана чет өлкөдө иштеп жаткан жарандар үчүн эң ыңгайлуу жана оңой жеткиликтүү ипотекалык шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

“Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыктары – ипотека кердитин  эң алгылыктуу пайыздык чен менен жана жеңил алуу.

Кредит алуунун жеткиликтүүлүгү ийкемдүү шарттарда, ачык-айкын жана мамлекеттик кепилдик менен көптөн күткөн турак-жайга акча топтоо мүмкүнчүлүгү аркылуу жөнөкөй тартипке келтирилди. Бул программанын алкагында керектүү документтерди чогултуу түйшүгү жеңилдеди, тактап айтканда, көп сандаган ар кандай документтерди чогултууга жана мамлекеттик органдарга убара болуп баруунун кажети жок. Ошондой эле, ипотека алууда баштапкы суммасы да жөндүү.

Алгачкы төлөм – кыймылсыз мүлктүн наркынын 30%и кредит алуучу жаран тарабынан банкта график боюнча топтоо эсебин ай сайын (кеминде 6 ай) толуктоо менен топтолот, аны системалуу түрдө толуктап туруунун өзү сиздин кредиттик дараметиңизди – кредитти төлөй ала турганыңызды ырастоочу негизги факторлордун бири болот.

Андан кийин банк ага турак-жайдын наркынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен күрөөсүз кредит берет. Карыз алуучу каржылоонун калган 50%ын жылдык 8% менен Мамлекеттик Ипотека Компаниясынан 15 жылга алат.

Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Карыз алуучу калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан 15 жылга алат.

Топтолмо ипотека долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландалууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Улуттук банк мыйзамдык базаны жаңыртат, ал эми «РСК Банк» жана Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан ипотеканы алуу боюнча кынтыксыз санарип чечим аягына чейин иштелип чыгат.

Ипотеканы алуу механизми жана расмий ишке ашыруу тууралуу кеңири маалымат мындан ары ЖМКларда жана биздин маалымат аянттарыбызда кеңири чагылдырылат.

Маанилүү жагдай! Уникалдуу жана олуттуу социалдык ипотекалык долбоордун ишке ашырылышына байланыштуу, ошондой эле банктын Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин жана анын экономиканы жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алуу менен, бул каржы мекемесининин аталышын өзгөртүү жана аны жаңы бренд менен атоо чечими кабыл алынды. Банк жарандарга жана элге, чындап эле, дагы жакын болуп калды. Жаңы аталыш катары “Элдик Банк” тандалды.

Белгилей кетсек, бул Банктын трансформация иштеринин башталышы гана!