Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк 29 жылдык мааракесин өзгөчө камкордук менен белгиледи: мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам жана социалдык колдоо

02 июня 2025

Элдик Банк 29 жылдык мааракесин өзгөчө камкордук менен белгиледи: мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам жана социалдык колдоо

Элдик Банктын негизделгенинин 29 жылдыгына жана 1-июнь – Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жылуу жана унутулгус майрам уюштурулду.

Бишкек шаарында өткөн цирктин шоу-программасына Сокулук райондук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун жана Арчалы айылындагы Чүй облустук балдар жана жетимдер реабилитациялык борборунун 80ден ашуун тарбиялануучулары чакырылды. Кызыктуу шоу-программадан кийин ар бир балага эстелик белектер тапшырылды.

Мындай кайрымдуулук демилгесине Элдик Банктын аймактык филиалдары да активдүү катышты:

  • Чаек филиалы «Нур-Булак» балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүп, керектүү тиричилик техникасын, жуугуч каражаттарды жана таттууларды сатып берди.

  • Ош филиалы Ош шаардык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборун барып, эски балдар аянтчасын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.

  • Ысык-Көл филиалы Каракол шаарындагы «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар менен жардам берди.

​​​​​​​​​​​​​​​​​​​​​

  • Баткен филиалы «Нур» балдар реабилитациялоо борборуна тиричилик техникасын жана жуугуч каражаттарды алып берди.

  • Жалал-Абад филиалы «Ак Жол» реабилитациялык борборуна жардам берип, тиричилик техникасын, гигиеналык жана эң керектүү каражаттарды камсыздады.

​​​​​​​

  • Айтматов филиалы Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Аяржан» күндүзкү борборуна жардам көрсөтүп, тиричилик техникасын жана белектерди тапшырды.

​​​​​​​​​​​​​​

Бул ырайымдуу иш-чара Элдик Банктын коомдук жоопкерчилик принциптерине бекем карманып, өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды дайыма колдоого алганын дагы бир жолу тастыктады.