Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

1-сентябрга чейин салыктарды төлөгүлө

29 августа 2024

1-сентябрга чейин салыктарды төлөгүлө

Урматтуу кыргызстандыктар, 2024-жылдын 1-сентябрына чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салыктарды өз убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз.

«Элдик Банк» салыктарды ОНЛАЙН төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт:

  • RSK24 мобилдик банкинг аркылуу
  • банктык төлөм терминалдарында.


RSK24 мобилдик банкингде төлөө үчүн төмөнкүлөрдү ачуу керек:

  • меню
  • төлөмдөр жана которуулар;
  • төлөмдөр;
  • салыктарды төлөө.

Терминал аркылуу төлөө үчүн төлөм кодун киргизүү керек. Мамлекеттик салык кызматынын cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетиңизден өзүңүз ала аласыз. Же болбосо 9111 кыска номери аркылуу кеңеш алуу үчүн банктын байланыш борборуна кайрылыңыз.

Кошумчалай кетсек, салыктарды Элдик Банктын бардык бөлүмдөрүнөн төлөсө болот. Ошол эле учурда жарандардын ыңгайлуулугу үчүн банк тарабынан кошумча кардарларды тейлөө пункттары ачылган. Бул пункттарда атайын дайындалган кызматкерлер кыргызстандыктарга кеңеш берип, банк терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинг аркылуу салык төлөөгө жардам беришет.

Бул пункттар Бишкек шаарындагы төмөнкү филиалдарда ачылган:

  • Илбирс филиалы, Киев көч., 77,
  • Ырыскы филиалы, ул. М Гвардия, 38 А
  • Чүй филиалы, көч. Фрунзе 338

Бардык суроолор боюнча 9111 кыска номерине чалып банктын байланыш борборуна кайрылсаңыз болот.