«Элдик Банк» Ош облусунун Мырза-Аке айылындагы Марат Разаков атындагы мектеп-интернатына жардам көрсөттү
Жаңы жыл түнү ар бир адам кичинекей кереметти жана сыйкырды каалайт. Элдик Банктын кызматкерлери бул кереметти эң муктаж болгондорго – балдарга берүүнү чечишти. Биригүү менен каражат чогултуп, анын бир бөлүгүнө Ош районундагы Мырза-Аке айылындагы балдар үйүнө белектерди, тиричилик техникаларын сатып алдык.
Калган бөлүгү оор дартка чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүүчү “Үмүт күнү” коомдук фондуна берилди. Балдар үйүн тандоо биз үчүн маанилүү чечим болду. Биз борборго жана Чүй облусуна караганда жардам аз келген алыскы аймактагы балдар үйүнө колдоо көрсөтүүнү чечтик. Жакшылап ойлонуп, Мырза-Аке айылындагы балдар үйүнө жайгашып калдык. Анын директору менен байланышкандан кийин аларга тиричилик техникалары керек экенин билдик.
Ушундай жакшы иштердин бир бөлүгү болгонубузга сыймыктанабыз. Элдик Банктын кызматкерлери өз кардарларына жардам берүүгө гана умтулбастан, өлкөнүн кайрымдуулук демилгелерине да активдүү катышууда.