Элдик Банк айлана-чөйрөнү коргоону колдойт
Кечээ Бишкекте "Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan" коомдук фонду тарабынан уюштурулган 11-ки адамдарга сыйлык тапшыруу аземи өттү. Иш-чараны көп жылдан бери бул маанилүү демилгеге ишенимдүү өнөктөш болуп келе жаткан Элдик Банк колдоду.
Сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстанда табиятты жана биологиялык түрдүүлүктү коргоого арналган маанилүү окуяга айланды. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн уникалдуу экосистемаларын жана сирек кездешкен жаныбарларды, анын ичинде Кыргызстандын символу - кар барысы, коргоо менен алектенген егерьлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул адистер күн сайын табиятты сактоо жана экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн алдыда иш алып барышат.
Элдик Банк Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоого салым кошконуна сыймыктанат. Банктын каражатына Сарычат-Эрташ коругунда ак илбирстин популяциясы үчүн фото жана видеокөзөмөл системалары сатылып алынган. Бул аракеттер бул сейрек кездешүүчү жаныбардын популяциясын сактоого жана коргоого, ошондой эле өлкөнүн башка жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган.
"Кыргызстандын айлана-чөйрөсүн жана биологиялык түрдүүлүгүн сактоо – бул биздин жоопкерчилигибиз гана эмес, өлкөнүн келечегине реалдуу салым кошуу мүмкүнчүлүгүбүз. Биз табиятты коргоого жана күн сайын биздин жалпы мурасымза кам көрүп жаткан егерьлерди колдоого багытталган демилгелерди колдой алаарыбызга сыймыктанабыз", - деди Элдик Банк өкүлү.
Иш-чара ошондой эле егерьлердин эмгегине ыраазычылык билдирүү жана алардын ишинин маанилүүлүгүн таануу үчүн маанилүү бир аянтча болду. Кар барысынын гана эмес, жалпы экосистемалардын да сакталуусуна салым кошуп жаткан алардын өзүнө арнаган эмгеги жогорку деңгээлде бааланды.
Элдик Банк Кыргызстан табиятын коргоо иш-чараларын колдоону улантып, өз ишмердүүлүгүндө туруктуу өнүктүрүү принциптерин ишке ашыруу боюнча иштерин улантат.