«Элдик Банктан» Лизингге техника жана жабдуулар
«Элдик Банк» фермерлерге жана айыл чарба ишканаларына сезонго өз убагында даярданууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, ыңгайлуу шарттагы лизингди сунуштайт.
Банк чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди айыл чарба техникасын, атайын каралган транспортту, ошондой эле өнөр жай жана өндүрүштүк жабдууларды сатып алуу үчүн каржылайт. Лизинг программасынын чегинде кардарлар керектүү мүлктү сатып алуу менен финансылык ижарага тариздей алышат.
«Элдик Банктан» Лизингдин артыкчылыктары:
• Айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана асылма /чиркегич жабдуулары;
• Атайын жабдуулар жана транспорт каражаттары;
• Өндүрүштүк жана технологиялык жабдуулар;
• Улуттук жана чет өлкө валютадагы ийкемдүү каржылоо шарттары.
Каржылоо акчасы (валютасы):
• Кыргыз сому, АКШ доллары.
Лизингдин суммасы:
• 50 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти).
Лизинг мөөнөтү:
• 6 жылга чейин.
Пайыздык чен (Кыргыз сому):
• 30% жана андан жогору жеке салымы болсо - 17% (НПЧ 18,36%);
• 20%дан 29,9%га чейин жеке салымы болсо - 18% (НПЧ 19,55%);
• 10%дан 19,9%га чейин жеке салым болсо - 19% (НПЧ 20,73%).
Пайыздык чен (АКШ доллары):
• 30% жана андан жогору жеке салымы болсо - 9% (НПЧ 9,63%);
• 20%дан 29,9%га чейин жеке салым менен - 10% (НПЧ 10,47%);
• 10%дан 19,9%га чейин жеке салым менен - 11% (НПЧ 11,57%).
Элдик Банктан лизинг ар бир кардарга жекече мамилени сунуштайт жана техникаларды сатып алууга бир жолку чыгымдарды кыскартууга жана бир нече жылдар бою финансылык жүктү бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Кеңеш алуу үчүн банктын 9111 номери аркылуу байланыш борборуна кайрылыңыз же WhatsApp (0706) 911 111 номерине жазыңыз.