Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк КРдеги климаттык каржылоону бекемдөө боюнча конференцияга катышты

30 апреля 2025

Элдик Банк КРдеги климаттык каржылоону бекемдөө боюнча конференцияга катышты

29-апрелде Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борборунун функциялары жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө арналган биринчи конференцияга катышты. Бул борбор Борбор Азиядагы жападан жалгыз мекеме болуп саналат.

Иш-чарага бардык эл аралык уюмдар, донорлор жана финансы секторунун өкүлдөрү катышты.
Жашыл өнүгүү жана туруктуу өнүгүү боюнча лидер катары Элдик Банк Климаттык каржылоо борбору менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койду.

Панелдик сессияда Башкармалыктын төрайымынын орун басары Айчүрөк Жакыпова чыгып сүйлөп, банктын жашыл каржылоо тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

♻️ Элдик Банк туруктуу өнүгүүнү стратегиялык багыт катары кабыл алып, экологиялык жана социалдык өнүгүүнү колдогон долбоорлорду колдойт жана климаттык каржылоодо ишенимдүү өнөктөш катары өз позициясын бекемдөөнү улантат.