Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"ELDIK" мобилдүү банкингине кантип туташууга болот

15 января 2025

"ELDIK" мобилдүү банкингине кантип туташууга болот

  1. Уюлдук телефонуңузга App Store же Play Market аянтчалары аркылуу “ELDIK” тиркемесин жүктөп алыңыз.
  2. Тиркемени ачып, "Тиркемеге катталуу" белгисин басыңыз.
  3. Телефон номериңизди жана ПИН - ID паспортуңуздун арткы бетиндеги 14 орундуу жеке идентификациялык номерди жазыңыз.
  4. Сүрөттө көрсөтүлгөн санды жана тамганы жазыңыз.
  5. Сиздин телефон номериниңизге СМС аркылуу код жөнөтүлөт.
  6. Аны тиешелүү тилкеге жазып, "Тастыктоо" баскычын басыңыз.
  7. Берилген документтерди карап чыгып, макулдугуңузду тастыктоо үчүн белгилеп, "Улантуу" баскычын басыңыз.
  8. Документтерге кол коюу үчүн СМСтен келген кодду жазыңыз.
  9. Катталуу үчүн паспортуңуздун эки тарабынан тең сүрөткө тартып, онлайн идентификацияны аткарыңыз.
  10. Жазылган маалыматтардын туура экенин текшериңиз.
  11. Андан кийин, бул сиз өзүңүз экенин тастыктоо үчүн бетиңизди экрандагы алкактын ортосуна туш келтириңиз.
  12. Жаңы сыр сөз ойлоп, жазыңыз (сыр сөздү ойлоп табууда коопсуздук талаптарын эске алуу зарыл), андан кийин аны тастыктаңыз.
  13. Тиркемеге оңой туташуу үчүн тез кирүү кодун жазыңыз.

Жарайт, эң сонун! Эми “ELDIK” мобилдик банкинги сизге жакындан жардам.