Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААК КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына кошулду

14 июня 2024

«Элдик Банк» ААК КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына кошулду

«Элдик Банк» ААК КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына кошулду.

Кызматташуу келишимине «Элдик Банктын» Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев жана Ассоциациянын аткаруучу директору Рустам Балтабаев кол коюшту. Бул өнөктөштүк Банк Ассоциация менен биргеликте Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча аракеттерди күчөтөрүн билдирет.

Эске сала кетсек, «Элдик Банк» «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө», «Айыл чарбасын каржылоо» жана башка жеңилдетилген долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча жигердүү иш алып барууда.

Маалымат үчүн: Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын айыл чарба жана агроөнөр жай комплексинин алдыңкы ишканалары тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына 150дөн ашык ишкана кирет.