Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Кыргызстанда биринчи жолу "Кредитке өзүн-өзү тыюу" механизми ишке киргизилди

16 апреля 2025

Кыргызстанда биринчи жолу "Кредитке өзүн-өзү тыюу" механизми ишке киргизилди

«Элдик Банк» санариптик кредиттик чечимдерди ишке киргизүү алдында өз кардарлары үчүн параллелдүү жана өлкөнүн рыногунда биринчи жолу "Кредитке өзүн-өзү тыюу (чектөө)" социалдык санариптик кызматын ишке ашырды.

Бул Кыргызстандын банк тармагы үчүн уникалдуу онлайн механизми катары кардарларды кредит жана займдарды алууда алдамчылык аракеттерден коргоого багытталган.

Ата мекендик рынок үчүн жаңы смарт кызматты сынап көрүү жана кардарларды El.Kalkan киберкоргоо боюнча масштабдуу долбоорду баштоо жөнүндө «Элдик Банк» жана Кыргызстан Банктар Союзунун жетекчилеринин катышуусу менен пресс-брифингде жарыяланды.

Санариптик "өзүн - өзү тыюу" - бул жарандын ага кредит же зайым алуудан өз ыктыяры менен баш тартуусу. Аны банктын Eldik жаңы мобилдик тиркемесинде бир басуу менен тариздөөгө болот. Бул үчүн кардарлар "Жөндөөлөргө" өтүп, "Купуялык" бөлүмүнөн онлайн кредит алуу үчүн бөгөттөөнү активдештирүүсү зарыл.

Санариптик кызматтар - бул артыкчылыктар жана ыңгайлуулуктар гана эмес, бул киберкоопсуздук менен байланышкан чакырыктар, - деп белгиледи пресс-брифингде «Элдик Банктын»  Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев. - Эгерде биз рынок боюнча өнөктөштөрдүн колдоосун тапсак, конкреттүү санариптик чечимдерди ишке киргизүү менен, , кардарларыбыз жана бүтүндөй банк сектору менен биргеликте санариптик чакырыктарга каршы аракеттерди бириктирүүнү пландаштырып жатабыз. Алдамчылыктын ыкмаларын өркүндөтүп жаткан учурда жоопкерчиликти маалыматтык эскертүү форматында кардарлардын кыраакылыгына жүктөө жетишсиз деп эсептейбиз. Банк секторун, рынок боюнча өнөктөштөрдү төмөнкүлөргө күчтөрдү бириктирүүгө чакырабыз секторго жарандардын ишенимин жогорулатуу жана алдамчылык аракеттерди кыскартуу үчүн өзүн-өзү тыюу (чектөө), "өзүн-өзү жөнгө салуу" механизми боюнча маалыматтарды алмашуу жана башка конкреттүү биргелешкен аракеттер.

Азыркы учурда "Өзүн-өзү тыюу" кызматынын 1.0 версиясы ишке ашырылып, кардар кредитти тариздетүүгө тыюу салууну өзүнүн атына кое алат. Андан ары үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өзүн-өзү тыюу салуу ишин жана тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ачык стандарттар боюнча башка банктар менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгууда.