Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

РСК Банк&MEGA кардарлары санариптик дүйнөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошот

09 февраля 2024

РСК Банк&MEGA кардарлары санариптик дүйнөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошот

РСК Банк&MEGA ишкерлерге арналган мамлекеттик бирдиктүү тиркемени ишке киргизгенден сырткары, өнөктөштөрдүн чөйрөсүн дагы көбөйтүүдөбүз. Биздин бул жаңы кызматташтыгыбыз Жогорку технология паркы жана кыргыз жасалма интеллектинин иштеп чыгуучулары менен байланышткан.

Кыргыз AI иштеп чыгуучулары менен болгон өнөктөштүгүбүз биздин кардарларга call-борбор аркылуу акырындап жасалма интеллект менен мамиле курууну камсыздагандан сырткары, санарип дүйнөдө мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошууга да өбөлгө түзүп берет.

Баса, кыргыз AI КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жетектеген мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программасынын алкагында иштелип чыгууда. Буга жараша демилге да мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

РСК Банк&MEGA - улуттук стартаптарды жана кыргыз тилин колдойт.

Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын колдоону кааласаңыз - РСК Банк менен MEGAнын операторлорун тандаңыз.