Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Ишкер 24” ишкерлер үчүн жаңы салык кызматтары менен толукталды

21 августа 2024

“Ишкер 24” ишкерлер үчүн жаңы салык кызматтары менен толукталды

«Ишкер 24» мобилдүү тиркемеси салык реформасына байланыштуу чакан жана орто бизнес үчүн кызматтардын алкагын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен өнөктөштүктө Элдик Банк жана MEGA мамлекеттик компаниялардын кызматташуусунун санарип чечими салык отчетторун даярдоо жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү менен толукталат: 

  • 091_5 - Орто ишкердик субъекттин бирдиктүү салыгы боюнча отчет  
  • 091_5_1 - Лотереялык иштин субъекттери жана ири ишкердик субъекттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн бирдиктүү салык боюнча отчет
  • 091_5_2 - Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык отчету

Тиркемеде төлөм функциясын, QR жана виртуалдык ККМ менен иштөөнү жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, “Ишкер 24” МП – бул бирдиктүү мамлекеттик санарип чечиминдеги салык жана финансылык кызматтар топтому. Анын артыкчылыгы – ишкерге (ЧОИ) “бирдиктүү терезе” принцибин колдонуу менен, салык кызматы менен толук онлайн режимде өз ара аракеттенүү жана Мамлекеттик салык кызматынын жана Банктын бөлүмдөрүнө барбастан, салык жана финансылык кызматтардын кеңири спектрин колдонууга мүмкүнчүлүк.  Чечимдин өзгөчөлүгү -ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө патенттердин жокко чыгарылышына байланыштуу жеке ишкерлерди онлайн каттоо кызматын көрсөтүү. Ал эми чакан бизнес үчүн бул салык өзгөрүүлөрүнөн улам бухгалтерди жалдабай эле иштөө мүмкүнчүлүгү, анткени отчеттуулук жөнөкөйлөштүрүлгөн жана  жөн гана өтүнмө аркылуу суралган маалыматтарды толтурууга болот.

www.ishker24.kg

Ишкер 24” тиркемесин жүктөп алыңыз,  аны азыркы учурда өлкө боюнча 25 000ден ашык ишкер пайдаланууда. Смартфонуңуздан бизнесиңизди башкара бериңиз. Айрым чечимдерге убакыт коротпоңуз. “Ишкер 24” – сиздин бизнесиңиз санарипте, “бирдиктүү терезеде”!