Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

22 августа 2024

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке кол коюу салтанатына “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Башкармасынын Төрагасы Элдияр Калдарбеков катышты.

Эки мамлекеттик компаниянын өнөктөштүгүнүн максаты тейлөө сапатын жогорулатуу, жеке жана юрдикикалык жактарга камсыздандыруу кызматын көрсөтүүнүн ыңгайлуулугу болуп саналат.

Ушул жылы өлкөдө рекорддук санда сел болгонун эске салганда бул кызматташтык өз убагында жана маанилүү болуп калды. 

Камсыздандыруу авария, табигый катаклизм, оору же мүлктү жоготуу сыяктуу күтүүсүз окуяларга байланыштуу финансылык жоготууларды азайтууга жардам берет.

Камсыздандыруу бизнес үчүн дагы өтө маанилүү, анткени активдерди коргоо жана ири зыян тарткан учурда дагы иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Белгилей кетсек, Кыргызмамкамсыздандыруу менен макулдашуунун алкагында “Элдик Банк” камсыздандыруу агенти катары чыгат жана бүтүндөй өлкө боюнча филиалдарда тиешелүү кызматты көрсөтөт. 

Мындан тышкары банк тарабынан жаңы мобилдик тиркеме иштелип чыгууда, анын аркасында кыргызстандыктар онлайн-режиминде камсыздандыруу полисин ала алышат. Тиркемеде камсыздандыруу кызматынын кеңири спектри сунушталат.