17 марта 2025
Жалал-Абад филиалы мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча турнир өткөрдү
Нооруз майрамына карата “Элдик Банк” ААКнын Жалал-Абад филиалы окуучулар арасында шахматтык турнир өткөрдү. Турнир кызыгуу менен катышкан таланттуу оюнчуларды чогултуп, логикалык ой жүгүртүүнү жана стратегиялык пландоону өнүктүрүүгө шарт түздү. Ошондой эле, балдар үчүн чыныгы спорттук мелдештин маанайын тартуулады.
Оюндардын адилетүүлүгүн көзөмөлдөгөн калыстар:
- Акунжанов Токтоназар Мырзаевич, Арзыкулов Шермамат – Жалал-Абад шаарынын Шахмат федерациясынын алдыңкы шахматчылары
- Жакыпов Улан Асанович – “Элдик Банк” ААКнын Базар-Коргон филиалынын директору
- Жумабеков Женишбек Маратович – шахмат мугалими, калыстар тобунун катчысы
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун – Жороев Мухамматазиз (№2 мектеп), Абдубалиева Бермет (№5 мектеп)
- 2-орун – Бараталиев Марсель (№1 мектеп), Адилбекова Алия (№9 мектеп)
- 3-орун – Жолдошбаев Кайрат (№14 мектеп), Курманбекова Арууке (№1 мектеп), Кокоева Чолпонай (№10 мектеп)
Бул турнир акыл майрамы болуп, катышуучуларга баалуу тажрыйба, эмоция жана жаңы тааныштар тартуулады. Көпчүлүк катышуучулар келерки мелдешти чыдамсыздык менен күтүп жатышат!