«Элдик Банк» ААКнун Акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу
«Элдик Банк» ААК өзүнүн туруктуу жана ишенимдүү экендгин тастыктоо менен, Кыргызстандын эң алдыңкы үч кредиттик-финансылык институттарынын арасында өз позициясын бекем сактоодо. Акционерлер Банктын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүн белгилешти, бул, албетте, анын финансылык натыйжаларында даана чагылдырылууда: Банктын 2024-жылга карата таза пайдасы 208% га жетип, тарыхый бурулуш көрсөткүчүнө ээ болду.
Бүгүн «Элдик Банк» ААК акционерлеринин Жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, ага Акционердик коомдор менен иштөө башкармалыгынын башчысы Т.Ж.Малбашев, Улуттук банктын өкүлдөрү, Элдик Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү катышты.
Чогулушутун отурумунун жүрүшүндө Элдик Банктын 100% пайдасын дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечими кабыл алынды. Мында, Банк өлкөбүздүн бюджетин түзүүчү ири компаниялардын бири болуп саналарын эске сала кетебиз.
Ошондой эле, бул чогулушта Банктын жылдык финансылык отчету бекитилип, 2025-жылга өнүгүү багыттары аныкталды. 2024-жылды Элдик Банктын өнүгүүсүндөгү олуттуу этап катары белгилөөгө болот, анткени Банк өзүнүн аталышын ийгиликтүү өзгөртүп, башка ребрендинг менен кеңири алкакка таанылууда, бул анын тарыхындагы жаңы баскыч болуп калууда.
2024-жылы жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Банк бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашырып, республикада биринчи болуп:
* инновациялык санарип продукттарды иштеп чыгуу үчүн «ЭлТех» туунду компаниясын түздү,
* жүз пайыз ата мекендик санарип продуктуну - ELDIK мобилдүү банкингди иштеп чыкты,
*Mega уюлдук оператору менен биргелешип ишкерлер үчүн «Ишкер24» Govfintech платформасын ишке ашырды,
* туруктуу болжол менен В- деңгээлинде Fitch Ratings эл аралык кредиттик рейтингин алууга жетишти,
* бардык эл аралык стандарттарга ылайык түзүлгөн 2023-жылга Туруктуу өнүгүү отчетун чыгарды,
* туруктуу өнүгүү долбоорлорун колдоого багытталган ESG облигацияларынын эмиссиясын биринчи жолу ишке ашырды,
*баалуу кагаздар рыногунда депозитарий ишин жүргүзүүгө лицензия алып, эл аралык деңгээлдеги депозитарийди түзүүгө киришти.
2025-жылы Банк санариптештирүү, туруктуу өнүгүү жана дүйнөлүк каржы рыногуна чыгуу багытында ишин улантат. Натыйжада, ушул жылы Банк Standard and Poor's эл аралык агенттигинин экинчи кредиттик рейтингин алууну жана карыздык капиталдын эл аралык рынокторунда еврооблигацияларды жайгаштырууну пландаштырууда.
Элдик Банк каржы рыногунда өзүнүн позициясын кеңейтип, бекемдөөдө.
Элдик Банк – эл үчүн!