Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк жана ГИК эскертет: шылуундардан сак болгула!

26 марта 2025

Элдик Банк жана ГИК эскертет: шылуундардан сак болгула!

“Элдик Банк” ААК жана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК эскертет: “Топтомо ипотека” программасынын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алдоо аракеттерине байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйдү.

Кара ниеттер ортомчулар катары өздөрүн тааныштырып жана "Элдик Банк" ААКда "Топтомо ипотека" программасы боюнча ипотекалык кредит алууда “көмөк көрсөтүү” менен топтоочу эсепти ачуу кызматтарды сунушташат.

Эскертүү: Банк үчүнчү жактар аркылуу эсеп ачпайт. Ушул сыяктуу сунуштар – бул шылуундар. Сактык чараларын көрүүнү суранабыз:

  • Мобилдик банкингден жеке маалыматтарды, логиндерди жана сыр сөздөрдү эч качан башкаларга бербеңиз;
  • Фишинг ресурстары аркылуу белгисиз сайттардагы формаларды толтурбаңыз, шылуундар сиздин эсебиңизге кирип, каражаттарды уурдап кетиши мүмкүн.

"Элдик Банк" ААК эл аралык банктык стандарттарды так сактоо менен, сиздин каражаттарыңыздын коопсуздугун камсыздайт.

Сак болуңуз, шылуундардын айла-амалдарына алдырбаңыз. Расмий маалымат булактарын жана банктын кардарларын тейлөө кызматын гана колдонуңуз.

Жалгыз ишенимдүү ресурстар:

  • ”Элдик Банктын” сайты www.eldik.kg. WhatsApp +996 (706) 911 111.
  • ”МИК” ААКнун сайты www.gik.kg, Whatsapp: +996 (553) 988 901.