Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

13-сентябрда «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

16 сентября 2024

13-сентябрда «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

13 сентябрьда "Элдик Банк" ААКнын башкармалыгынын чоң жыйыны болуп өттү, ага Директорлор кеңеши, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты. Быйылкы иш-чара Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.

Жыйында быйылкы жылдын 8 айынын жыйынтыктары чыгарылып, банктын мындан аркы өнүгүүсүнүн келечектүү пландары белгиленди. "Элдик Банк" башкармалыгы аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн оң жыйынтыктарын белгиледи. Быйыл банк каржылык көрсөткүчтөрүнүн жогорку өсүшүн көрсөтүүдө.

Отурумда санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулду. Банк санариптик экосистеманы өнүктүрүү иштерин күчөтүп гана тим болбостон, аны дагы да улантат. Инновациялык чечимдердин жана өлкөнүн ири компаниялары жана мамлекеттик органдарынын өнөктөштүктүн аркасында банк бүгүн салттуу банкинг чөйрөсүнөн тышкары кызматтарды көрсөтүүдө.

Банк ишмердүүлүгүндөгү дагы бир маанилүү багыт HR брендинин өнүгүшү болду. «Ар бир кызматкер - бриллиант» деген ураан алдында банк мыкты адистерди жумушка тартууну, ошондой эле эмгектенип жаткан кызматкерлерди окутууну пландап жатат. Жогорку корпоративдик маданият, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, эң жакшы эмгек шарттары - банктын бүгүнкү күндө рынокто башка компаниялардан айырмаланып турган визиттик карточкасы.

Мындан тышкары, жыйында туруктуу өнүгүү, инвестиция тартуу, "жашыл" продукттарды иштеп чыгуу, сервистин сапатын жакшыртуу, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана башка маанилүү маселелер каралды.