26 сентября 2024
"Элдик Банктан" жашыл насыялар
«Элдик Банк» ААК өзүнүн ESG-стратегиясы боюнча иш алкагында климатты жана курчап турган айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого умтулат.
Банк юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүдөй тармактар боюнча кредиттерди берет:
- энергияны кайра иштеп чыгуу булактары;
- энергия натыйжалуулугу;
- жашыл имараттар;
- таза унаа (транспорт);
- булгануунун алдын алуу жана көзөмөлдөө;
- сууну жана калдыктарды туруктуу пайдалануу;
- туруктуу айыл чарбасы, жерди башкаруу, токой чарбасы, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык туризмди өнүктүрүү.
Каражаттар төмөнкү шарттарда берилүүдө:
- пайыздык чен: жылдык 11%
- мөөнөтү: 5 жылга чейин
- кредиттин суммасы: 5 миллиондон 150 000 миллион сомго чейин.
Элдик Банк ар дайым туруктуу өнүгүүгө умтулат
Банк тарабынан бул кредит Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын “Өнөктөш банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар (ФКУ) аркылуу “жашыл” критерийлерге ылайык долбоорлорду максаттуу каржылоо” программасынын алкагында бериле тургандыгын белгилеп кетебиз.