Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Түркия жана Кыргызстан электрондук коммерциянын масштабын региондук деңгээлден дүйнөлүк деңгээлге чейин кеңейтет

14 июня 2024

Түркия жана Кыргызстан электрондук коммерциянын масштабын региондук деңгээлден дүйнөлүк деңгээлге чейин кеңейтет

Түркия жана Кыргызстан электрондук коммерциянын масштабын региондук деңгээлден дүйнөлүк деңгээлге чейин кеңейтет.

2024-жылдын 13-июнунда Стамбул шаарында «Элдик Банк» ААКнын (мурдагы «РСК Банк») Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаевдин, «Кыргызпочтасы» ААКнын Башкы директору Марат Черикчиевдин жана PTTeM Түркия почтасынын туунду компаниясынын Башкы директору Хакан Чевикоглунун катышуусу менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

PTTeM, «Кыргызпочтасы» жана «Элдик Банк» менен кызматташтыкта иштелип чыккан электрондук коммерция жана электрондук экспорт долбоору региондун өлкөлөрүн, анын ичинде Түркияны жана Кыргызстанды камтыйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Хакан Чевикоглу электрондук коммерция жана электрондук экспорттук логистика жаатындагы үч компаниянын тажрыйбасын жана таасирин бириктирүү аркылуу Түркиянын жана Кыргызстандын продукциясын жергиликтүү, региондук жана дүйнөлүк керектөөчүлөргө кеңири сунуштоо үчүн кадамдар көрүлө турганын билдирди.

Өз кезегинде Уланбек Ногаев «Элдик Банк» маркетплейсти ишке киргизе турганын, анда товарларды жана кызматтарды сатып алууга кредиттерди алууга чейин финансылык кызматтардын кеңири спектри сунуштала турганын белгиледи.

“Өнөктөштүктүн негизги милдети – технологиянын жана Интернеттин өнүгүшүнө байланыштуу жаңы сатып алуучулук адаттарга жана керектөөчүлөрдүн күтүүлөрүнө шайкеш келүү. Бирдиктүү санариптик платформаны түзүү – эң мыкты чечим болот”, - деп кошумчалады У.Ногаев.

Марат Черикчиев электрондук коммерция жана электрондук экспорт секторундагы кызматташуунун ийгилигине ишенимдүүлүктү билдирди.

Белгилей кетсек, кызматташтыктын алкагында көп тилдүү кардарларды колдоо кызматтары активдешет, ал Туркияда, Кыргызстанда жана региондун башка өлкөлөрүндө күнү-тейлөөнү камсызайт.