Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк менен ГИК «Топтоочу ипотекасы» боюнча башкы келишим түзүштү

18 октября 2024

Элдик Банк менен ГИК «Топтоочу ипотекасы» боюнча башкы келишим түзүштү

«Элдик Банк» ААК Мамлекеттик ипотекалыккомпания (МИК) менен бирге Кыргыз Республикасынын өлкөбүздүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандары үчүн иштелип чыккан «Топтоочу ипотека» социалдык долбоорун ишке ашыра баштады. Бүгүн мамлекеттик бул аталган мекемелердин жетекчилери кызматташуу тууралуу башкы келишим түзүштү.

Буга чейин компаниялар ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлуп, андан кийин мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагында биргелешкен иштер жүргүзүлгөн. Бардык иш-чаралар аяктагандан кийин, кызматташуу тууралуу  генералдык келишимге кол коюлду жана жакын арада бул долбоорду ишке ашырылышы туралуу маалыматтар бериле баштайт.

Долбоор мамлекеттик турак-жай каржылоонунжеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн калкын турак-жай менен камсыздоого багытталган. Ал Кыргызстанда жашаган жана чет өлкөдө иштеген жарандар үчүн эң ыңгайлуу жана оңой ипотекалык шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.   “Топтоочу ипотеканын” негизги артыкчылыктары – бул эң ыңгайлуу пайыздык чендер жана кредит алуу иштери жеңил. Кредит алуунун жеткиликтүүлүгү - алгылыктуу шарттарда, ачык-айкын жана мамлекеттик кепилдик менен көптөн күткөн турак-жайга акча топтоого жеңилмүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул программанын алкагында керектүү документтерди чогултууда убаракерчилик аз, ипотека алуу босогосу жөнөкөй.  

Алгачкы төлөм – кыймылсыз мүлктүн наркынын 30% - үй алуучу жаран каражатты банкта топтойт, график боюнча топтолмо эсебин ай сайын (кеминде 6 ай) толуктап турат, бул эсепти ырааттуу түрдө толуктоо сиздин кредитти  төлөөгө дараметиңизди тастыктоочу негизги факторлордун бири болот. Андан ары, банк ага күрөө менен камсыздалбагантурак жайдын наркынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен кредит берет. Карыз алуучу калган 50%ды Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан жылдык 8% менен 15 жылга алат.   Ипотеканы алуу жагдайлары жана расмий ишке ашыруу тууралуу кеңири маалымат мындан ары ММКларда жана биздин маалыматтык аянттарыбызда кеңири чагылдырылып турат.  

«Топтоочу ипотека» социалдык ипотекалык долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик турак-жай программасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөбүздүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилеп кетебиз.