Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо – 2” программасы башталды

22 сентября 2023

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо – 2” программасы башталды

Урматтуу кардарлар!

«РСК Банк» ААКсы 2023-жылдын 22-сентябрынан тарта «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо - 2» долбоорунун алкагында арыздарды кабыл алып баштады. 

Банк Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыяларды берет.

Кредиттин суммасы: максаттуу тармактарга жараша 10 000 000 сомго чейин.

Пайыздык чен жана кредиттин мөөнөтү:

  • 36 айга чейинки кредиттер үчүн - кредиттер боюнча пайыздык чен жылдык 0% түзөт;
  • 60 айга чейинки кредиттер үчүн - алгачкы 36 ай үчүн пайыздык чен - жылдык 0%, акыркы 24 ай - жылдык 3% менен.

Күрөөсүз кредиттер: 300 000 сомго чейин, 36 айга, негизги сумманы төлөөгө жеңилдетилген мөөнөт берилбестен.

Жеңилдетилген мезгил: Карыздын негизги суммасы боюнча 12 айга чейин төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу.

Бардык суроолор боюнча (0771) 165 216, (0557) 808 572, (0701) 088 859, (0701) 888 519, (0777) 885 152 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.