Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” программасы ишке кирди

31 января 2024

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” программасы ишке кирди

«РСК Банк» ААК «Айыл чарбасын каржылоо - 12» мамлекеттик долбоорун ишке ашыруунун башталышы жөнүндө жарыялайт.

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында аткарууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.

Долбоордун алкагында фермерлерге төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген насыялар берилет:

  • Мал чарбачылык,
  • Өсүмдүк өстүрүү.

Жеңилдетилген каражаттар жылына 12% (НПЧ 12,68%) менен 24 айга чейинки мөөнөткө берилет, кредиттин максималдуу суммасы бир карыз алуучуга 500 000 сомго чейин.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун башталышы боюнча маалымат жакынкы күндөрү Банктын расмий сайтында, маалымат стенддеринде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.