Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"РСК Банк" BIFF-2024 эл аралык каржы форумунун расмий өнөктөшү болду

23 мая 2024

"РСК Банк" BIFF-2024 эл аралык каржы форумунун расмий өнөктөшү болду

Бүгүн, 23-майда борбор калаабызда “Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржы келечеги” темасында Бишкек эл аралык BIFF-2024 каржы форуму өттү. РСК Банк бул ири тармактык иш-чаранын расмий өнөктөшү катары иш алып барды.

"РСК Банктын" топ-менеджерлери «Экология, социалдык саясат жана корпоративдик башкаруу - туруктуу каржылоонун негизи» жана «Финансылык технологиялар. Жасалма интеллект. Санарип активдери" сессияларына катышты.

"РСК Банк" Башкармаснын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова Банктын туруктуу өнүгүү жана ESG принциптери жаатындагы демилгелери тууралуу маалымдады. Банктын санарип чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен «РСК Банк» ААКнун башкаруучу директору Фарида Даузова тааныштырды. РСК Банк &MEGA кызматташуусунун долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин-Байло «Финансылык технологиялар. Жасалма интеллект. Санариптик активдер" cессияларын текскеп турду.

Сессияда биздин өлкөбүздө өнөктөштүк тенденцияны ишке ашырууга басым жасалды. "РСК Банк" жана MEGA ортосундагы кызматташуу - Кыргызстанда GovFinTech секторун активдүү өнүктүрүүгө түрткү берүүнүн ачык мисалы.

Форумда кызматташуу алкагында иштелип чыккан “Ишкер24 мобилдик тиркемеси да көрсөтүлдү. Салык реформасын колдоо боюнча чакан жана орто бизнес үчүн чечим 2.0 версияда иштөөдө жана IOS операциялык системаларында жеткиликтүү.

Ошондой эле, "РСК Банк" санарип трансформациясын өткөн жылы активдүү баштаган. Процесстерди реинжинирлөө жана автоматташтыруу боюнча иштер арбын аткарылды, санариптик инфраструктура өркүндөтүлүп жатат, банк экономикадагы ролдун өзгөрүшүн жана өлкөнүн санарип трансформация процессин эске алуу менен, аталышын өзгөртүү иштери менен алектенүүдө.

Мындан тышкары, "РСК Банк" өз ишинде ESG-принциптерин карманат. Банк ESG-банкинг боюнча иш-чаралар планын - жол картасын бекитти. Туруктуу өнүгүүнүн 13 максаты кабыл алынган, анын алкагында CO2 көлөмүн азайтууга, энергиянын кайра жаралуучу булактарын түптөөгө багытталган жана башка көптөгөн долбоорлор жана продуктарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу башатында турат.

BIFF-2024 КР Министрлер Кабинетинин, Кыргызстандын банктар союзунун өкүлдөрүнүн, дипломаттардын жана белгилүү бизнес-эксперттердин катышуусунда өттү. Талкууда каржы секторундагы инновациялар, нак эмес төлөмдөр, IT-чечимдер, банк продукттары, ошондой эле “жашыл” экономиканы өнүктүрүү алкагындагы ишкердикти туруктуу каржылоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, BIFF-2024 катышуучулары маалымат коопсуздугунун глобалдык тенденцияларын, финтех, жасалма интеллект жана санарип активдердин каржы системасына тийгизген таасирин, ошондой эле финансылык кызматтарды санариптештирүүдө учурдагы чакырыктарды жана мыкты тажрыйбаларды талкуулашты.