Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"РСК Банк" биринчи республикалык «STEM FIRST» олимпиадасын колдоду

05 февраля 2024

"РСК Банк" биринчи республикалык «STEM FIRST» олимпиадасын колдоду

Кечээ Бишкек шаарында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, Европа биримдигинин жана «Маариф» билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулган робототехника боюнча мектеп окуучуларынын биринчи республикалык «STEM FIRST» олимпиадасы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын орто мектептеринен 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө роботтор боюнча кызыктуу сынактар жана демонстрациялык көрсөтүүлөр болду. Ар кандай категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду сунуштап, коргошту.

«РСК Банк» бул иш-чарага колдоо көрсөтүп, биринчи орунду алган катышуучуларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. Мындан тышкары, биздин банктын өкүлү калыстар тобунун мүчөсү болуп катышты.

Чакыруу үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз жана бардыгын жеңиши менен куттуктайбыз!