«Элдик Банк» ААКсы «Агродиалог» форумуна катышууда
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уюштурган “Агродиалог” форумунун ачылышы болду. Бул маанилүү иш-чара түрдүү тармактардын өкүлдөрүн, анын ичинде фермерлерди, тамак-аш кайра иштетүүчү ишканаларды жана каржы институттарын бириктирет.
Форумдун катышуучуларынын арасында «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Турдалиев Акылбек дагы болуп, банктын айыл чарба чөйрөсүндөгү позициясын мындан ары чыңдоо жана чакан жана орто бизнести колдоо үчүн мындай демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындай форумдарга катышуу банкка агрардык сектордогу маанилүү өзгөрүүлөрдүн жана тенденциялардын борборунда болууга, ошондой эле өлкөдөгү фермердик чарбаны жана агробизнести өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Үч күн бою форумда негизги багыттар талкууланат:
• мал чарбачылыгын өнүктүрүү;
• өсүмдүк өстүрүү;
• багбанчылык жана мөмө өстүрүү.
Форумда «Элдик Банк» ААК жеңилдетилген кредиттик продуктыларды тартуулайт, ошондой эле бардык кызыккан катышуучуларга консультацияларды берет. Агродиалог форуму сыяктуу иш-чаралар айыл чарба тармагындагы алдыңкы ишкерлер ортосунда тажрыйба алмашуу, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана бизнести өнүктүрүү, анын ичинде экспорттук ишмердүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Банк үчүн мындай демилгелерди колдоо айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы гана эмес, бизнес чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.