Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

RSK24 мобилдик банкингде Юстиция министрлигинин кызматтары үчүн онлайн төлөм

03 октября 2023

RSK24 мобилдик банкингде Юстиция министрлигинин кызматтары үчүн онлайн төлөм

Эми RSK24 мобилдик банкингдин колдонуучулары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматтары үчүн аралыктан төлөй алышат. Тиркеме юстиция министрлиги аркылуу мамлекеттик төлөмдөрдүн кеңири тармагын көрсөтөт, алар:

  • Мамлекеттик алым (буга караштуу 19 кичи кызмат бар)
  •  Юридикалык жактарды каттоо
  • Апостиль коюу
  • Лицензия
  •  Нотариалдык кызматтар
  • Күрөөнү каттоо

«Мамлекеттик алым» кызматы багытында 19 кызмат бар:

  • предмети  кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү;
  • ипотека (күрөө) жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү;
  • тыюуларды салуу жана алып салуу;
  • кандай гана болбосун мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз) пайдалануу жана тескөө укугуна, анын ичинде кайра ишеним артуу тартибинде берилген ишеним каттарды күбөлөндүрүү;
  • башка ишеним каттарды күбөлөндүрүү;
  • керээздерди күбөлөндүрүү;
  • мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү;
  • жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү (аткаруу баракчаларын аткаруу);
  • документтин бир тилден экинчиге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын нотариус тарабынан күбөлөндүрүү үчүн (документтин ар бир барагы үчүн);
  • документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн жана алардан көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн документтери берилсе;
  • жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүү эгерде арыздары өткөрүлүп бериле турган болсо;
  • банктык карточкаларындагы, арыздардагы жана башка документтердеги (анын ичинде коммерциялык эмес юридикалык жактарды - коомдук фонддорду, мекемелерди түзүү жөнүндө чечимдердеги) кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү;
  • нотариалдык конторалардын делолорунда сакталган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү жана дубликаттарын берүү;
  • юридикалык жактардын жыйналыштарынын протоколдорун, түрдүү лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын протоколдорун ж.б. күбөлөндүрүү;
  • акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу алуу;
  • векселге акы төлөнбөгөндүгүнө, акцептелбегендигине жана акцептин датасы коюлбагандыгына протест бергендиги, чектин төлөнбөгөндүгүн ырастоо үчү документтерди сактоо;
  • деңиз протестин берүү;
  • башка нотариалдык аракеттерди аткаруу (анын ичинде зыяндын ордун толтуруу, карызды кайтарып берүү, мүлктү сактоо тууралуу милдеттенмелерди ырастоо).

Белгилей кетсек, төлөө иштери мүмкүн болушунча жеңилдетилди: төлөө үчүн ИНН жана сумманы жазуу гана керек.

Комиссия - 10 сом.

«РСК Банк RSK24 мобилдик банкингине мамлекеттик кызматтардын санын кошууну улантууда. Бүгүнкү күндө банкингде 150дөн ашуун кызматтын түрлөрү бар.