Жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Эмгек министрлиги менен Элдик Банктын пилоттук стажировка долбоору
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович менен «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Турдалиев Акылбек Беримкуловичтин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан демилгеленген жаштардын практикасын өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду талкуулашты. Программа жаш адистерди колдоого, алардын алгачкы практикалык тажрыйбасын алууга, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Элдик Банк бул демилгени активдүү колдойт жана жаш адистер үчүн стажировка азыртан Кыргызстандын бардык филиалдарында өтүүдө. Биз алардын профессионалдык өсүүсү үчүн шарттарды түзүп, баалуу көндүмдөрдү алууга жана финансылык сектордо иштөөдө биринчи тажрыйбага ээ болууга жардам беребиз. Өнүгүү үчүн умтулган жаштар үчүн Элдик Банктын эшиги ар дайым ачык. Мындай программалар ийгиликтүү келечекке ишенимдүү кадам таштоого жардам берет деп ишенебиз!