10% менен топтоочу ипотека
«Элдик Банктан» жана МИКтен "Топтоо ипотекасы" социалдык долбоорунун алкагында жеңилдетилген шартта 20 жылдык ипотекага ээ болуңуз
Ипотеканы кантип алса болот?
Кыргыз Республикасынын жараны Мамлекеттикипотекалык компаниянын порталында каттоодон өтүшү керек.
Арыз жактырылгандан кийин банктан топтоочу эсебин ачуу керек. Же сайты аркылуу онлайн түрдө эчса болот бул жакта
Андан ары 6 же андан көп ай аралыгында мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү топтошу керек.
Акча топтолуп бүтөөрү менен кардар батирди брондой алат жана МИК менен үлүшкө катышуу келишимин түзө алат.
Андан кийин банк катышуучуга 5 жылга жылдык 10% менен жеңилдетилген насыя берет. Насыянын суммасы турак жайдын наркынын 20% түзөт. Киреше булагын тастыктоочу документтерисиз жана күрөөсүз.
Банктан насыя алгандан кийин, кардар алдын ала брондолгон батирди алат жана мамлекеттик ипотекалык компанияга 15 жыл аралыгында 8% жеңилдетилген чен менен төлөйт. Программага өлкөдө жашаган жаначет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарыкатыша алат.
Толук маалымат алуу үчүн 9111 телефону боюнча банктын байланыш борборуна кайрылсаңыз болот.