«Элдик Банк» Кыргыз Республикасында климаттык инвестициялардын тартылышына таяныч
«Элдик Банк» БУУнун Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөрүлгөн Климаттын өзгөрүшү боюнча COP29 конференциясына катышты. Банк, туруктуу өнүгүү багытында Кыргызстандагы алдыңкы финансылык институт катары, экологиялык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү демилгелерин жигердүү колдоп келет.
Бул иш-чарага «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаевдин жетекчилиги менен барган банктын делегациясы экология жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк ири компаниялар, эл аралык уюмдар жана эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрүүгө жетишти.
COP29 аянтчасында банк өлкөбүздө жашыл облигацияларды жана жашыл долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жашыл финансы борборунун “Астана” Эл аралык финансы борбору менен кызматташуу ниетиндеги меморандумга кол койду.
- "Элдик Банк" Кыргызстанда климаттык инвестициялардын тартылышына таяныч, - дейт Уланбек Ногаев. – Республикабызда жашыл долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында банктын командасы Жашыл климат фондунун, Адаптация фондунун, Дүйнөлүк банктын жана ПРООНдун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, анда Кыргызстанда климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга басым жасоо менен өнөктөштүктүн келечеги талкууланды. Жашыл климат фонду “Элдик Банкты” колдоого даяр экендигин жана бул фондго аккредитациялоодо бизди артыкчылыктуу талапкер катары тааныганын, - өзгөчө белгилеп кетким келет.
“Элдик Банктын” COP29 иш-чарасына катышуусу банкка Кыргызстандын климат маселелерин чечүүдө лидер катары позициясын билдирүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого мүмкүндүк берип, Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, деп айтууга болот.
COP29 конференциясында “Элдик Банк” акыркы жылдарда иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан жашыл продукттар жана демилгелер тууралуу таржымал эткенин белгилеп кетебиз. Атап йтканда, алардын арасында - энергиянын кайра алынуучу булактарын каржылоо программалары, жашыл технологияларды колдонуп иштөөчү чакан жана орто ишканаларды колдоо долбоорлору. Биздин мындай күч-аракетибиз туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө банктын олуттуу карап иштегендигин жана көмүртектин бөлүнүп чыгуу көлөмүн азайтуу боюнча глобалдык аракеттерге кошкон салымы катары көрсөтө алды.
Маалымат иретинде: БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP29 конференциясы - глобалдык климат саясаты талкуулана турган эң маанилүү аянтчалардын бири. Катышуучу-өлкөлөр климаттын өзгөрүүсүнөн улам терс таасирлерди азайтуу жана энергетикага өтүүнү тездетүү жагында масилет куруп турушат.