17 февраля 2025
"Garmin Pay аркылуу төлөө жана белектерди ал" акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
14-февралда “Garmin аркылуу төлөө жана белектерди алуу” акциясынын жеңүүчүлөрүнө чоң сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара Элдик Банктын Visa карталары менен накталай эмес төлөмдөр үчүн Garmin Pay кызматын активдүү колдонгон катышуучулардын башын бириктирди.
Эң көп транзакцияларды жасаган жеңүүчүлөр татыктуу сыйлыктар менен сыйланышты.
- 3-орун Төлөмүш Жолдошбековго тийип, Gergert Sport дүкөнүнө 40 000 сомдук сертификат алды.
- Экинчи орунду жана Triathlon Center спорт клубунун мүчөсү Ален Шайбековго ыйгарылды.
- Ал эми биринчи орунду, ошондой эле стилдүү Garmin Epix Pro саатын Ашим Кульчаров жеңип алды.
Жеңүүчүлөрдү маанилүү жетишкендиктери менен куттуктап, акцияга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле иш-чарада «Элдик Банктын» Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Жеңүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз жана акциянын бардык катышуучуларына активдүүлүгү жана жеңишке болгон каалоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз!