Элдик банк райондук мамлекеттик администрациялардын, банктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында
18-19-февралда Бишкекте акимдер – райондук мамлекеттик администрация башчылары жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин катышуусунда республикалык конференция өттү.
Иш-чарага “Элдик Банктын” башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Турдалиев банктын 2024-жылга карата ишмердүүлүгү боюнча кеңири отчет берип, негизги жетишкендиктерди жана өнүгүү багыттарын талкуулады. Ал ошондой эле калктын жана бизнестин финансылык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган насыя берүү процессин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштары менен бөлүштү. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө банк секторунун учурдагы иши жана анын өнүгүү перспективалары боюнча катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.
Элдик Банк өлкөнүн каржы системасын өркүндөтүү процессине активдүү катышууну улантууда жана мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого көмөк көрсөтүүдө.